​Хан-Теңири» лагеринде барымтага алынган аял бошонуп келди

  • 5 лет мурун

«Хан-Теңири» лагеринен барымтага алынган 48 жаштагы Л.И. аттуу аял эртең мененки саат 4 тө өзү лагерге кайтып келген.

Бул тууралуу милиция өкүлдөрү кабарлады.

Милициянын айтымында, ал эсен-соо, жарадар болгон эмес.

Кылмышка шектүү С. Сергей тоонун булуң-бурчун жакшы билет, чет элдиктерди саякатка алып жүрөт.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Хан-Теңири» лагеринде С. Сергей аттуу жаран 4-июлда эки кишини өлтүрүп, дагы бирин жаралап, бирөөнү барымтага алып качкан фактысы катталганын облИИБ басма сөз кызматы жана ИИМ басма сөз кызматы кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты