​«Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүү фактысы катталды

  • 5 лет мурун

«Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, дагы бирин жаралап, бирөөнү барымтага алып качуу фактысы катталды.

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Облустук милициянын айтымында, 4-июлда болжолдуу саат 12:20 да Эңилчек чек ара застава тараптан Ак-Суу районунан «Хан-Теңири» лагеринин башчысынын орун басары 48 жаштагы А.Д.ны белгисиз бирөө атып кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.

Ак-Суу райондук ИИБ кызматкерлери окуя болгон жерге барганда күбөлөр Түп районунун 29 жаштагы тургуну С. Сергей ашканага кирип мылтык менен А.Д.ны, андан кийин жумушчу болуп иштеген М.К. ны атканын айтышкан.

А.Д. ошол жерде жан берген, М.К. медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бараткан жолдо көз жумган.

Сергейдин колундагы мылтыгын алам дегенде ал, 33 жаштагы У..И. ни жарадар кылган.

Аларды аткандан кийин С. Сергей ал жерде иштеген Караколдун тургуну, 48 жаштагы Л.И. аттуу аялды барымтага алып, качкан.

Бул факты Кылмыш жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-Жаза кодексинин 97-беренеси, киши өлтүрүү боюнча катталып, тергөө иши башталган.

Учурда С. Сергейди кармоо жана барымтадагы аялды бошотуу иш-чаралары көрүлүп жаткандыгы кабарланды.

Окуя болгон жерде Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов куралчан кылмышка шектүүнү кармоо операциясын жетектөөдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты