​Бишкекте сабалды деген чет элдик жаран каза болуп калды

  • 5 лет мурун

Бишкекте «Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанынан сабалды деген Нигериянын жараны Тижжани Али Абубакар эсине келбей каза болуп калды.

Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө анын достору кабарлады

Ал Бишкектеги Cambridge School мектебинин директору болуп иштеген.

Нигериялыктын жубайы кыргыз жана алардын эки кызы бар экени айтылууда.

Жабыркаган чет элдик 2-июлда токмок жеп, Улуттук госпиталга түшкөн. Ал жактан милицияга кабар берилген. Күбөлөр Нигериянын 1985-жылы туулган жаранын белгисиз киши токмоктогонун билдиришкен. Чет элдик жаран реанимацияда комада жаткан боюнча эсине келген эмес.

Бишкек шаардык милициясы “Айчүрөк» соода борбору тарапта нигериялык жаранды сабады деген киши 3-июлда кармалганын билдирген.

Ал Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси, Саламаттыкка оор зыян келтирүү беренеси менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаганы кабарланган.

Шектүү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты