​Бишкекте чет элдик жаранды сабоого шектүү кармалды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаардык милициясы «Айчүрөк» соода борбору тарапта нигериялык жаранды сабады деген киши 3-июлда кармалганын билдирди.

Ал Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Жабыркаган чет элдик 2-июлда токмок жеп, Улуттук госпиталга түшкөн. Ал жактан милицияга кабар берилген. Күбөлөр Нигериянын 1985-жылы туулган жаранын белгисиз киши ур-токмокко алганын билдиришкен. Азыр ал реанимацияда комада жатат.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси, Саламаттыкка оор зыян келтирүү, менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Шектүү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Буга чейин шаардын борборунда эс-учун жоготуп жаткан кишиге жарандар жардам берип жатышканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Жабырлануучу Бишкектеги «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинде иштей турганы айтылган.

Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган. Чырга эмне себеп болгону белгисиз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты