​Унаасы менен Көкөмерен суусуна кулап кеткендердин экөөнүн сөөгү табылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-июлда, Көкөмерен суусуна 30-июнда унаасы менен түшүп кеткендерди издөө улантылып жатат. Ага 110 куткаруучу тартылган.

2-июлда, Көкөмерен суусуна кулап кеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн экөөнүн сөөгү табылды.

Бул туурадуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сууга кулаган унаанын ичинде 5 киши болгон, анын ичинде — бир аял, бир жаш бала.

Сууга кулагандар Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү.

Чүй облустук милициясы изделгендер Ат-Башыдан 30-июнда болжол менен саат 4:00 дө ак түстөгү машина менен чыгышканын, алар тууралуу так маалымат жок экенин билдирген.

Ошол күнү, 30-июнда, Суусамырда Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жаткан. Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү ушул мааракеге келмек болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты