​Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кетти деген Молдакун Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн издеп жатышат

  • 5 лет мурун

30-июнда саат 10:00 чамасында Суусамырда Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымдалган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы сууга түшүп кеткен унааны издөөгө 93 куткаруучу, жабыркагандардын туугандарынан 20 киши тартылгандыгын билдирген.

Чүй облустук ИИБ кырсыкка кабылган унаада Өкмөттүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен болушу мүмкүн экенин айткан.

Turmush kg басылмасына 30-июнда Көкөмерен суусуна түшүп кеткендерди көргөндөрдөн укканын Жайыл районунун Тунук айылынын тургуну, жол оңдоо иштеринде иштеген Шаршенбек Аманов айтып берген.

“Кесиптештердин айтымында, айлампа жолдон Кожомкул айылына чейин 27 км. Алар ошол жолдо бараткан. Жол кууш, начар бир жагында, суунун агымы катуу. Кесиптештердин машинасын бир машина кууп жеткен. Ошондо айдоочу рулду башкара албай калды окшойт, машина жолдо улам бир жакка чайпалып барып, тоого урунду да, сууга кулады…

Машина сууга кулагандан кийин бир нече жолу ала салып кетти, аны агым алып кетип баратты. Үч киши машинадан чыгууга аракеттенди, кызыл футболкачан бала чыгууга аракет жасады, бирок суунун катуу агымы машинаны ташка урунтуп, андан ары алып кетти. Андан соң унаа 3-4 ирет көрүнүп, анан жоголуп кетти” деп кесиптештеринен уккандарын айтып берген.

Ал эми Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира унаада ата-энеси, иниси жана өзүнүн кызы болгонун айткан.

Издөөгө Өкмөттүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери да тартылып, милиция, куткаруучулар, коомчулук, жабырлануучулардын туугандары менен кошо издешип жатат.

Чүй облустук милициясы изделгендер Ат-Башыдан 30-июнда болжол менен саат 4:00 дө ак түстөгү машина менен чыгышканын, алар тууралуу так маалымат жок экенин билдирген.

Ошол күнү, 30-июнда, Суусамырда Кожомкул балбандын 130 жылдыгы белгиленип жаткан. Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү ушул мааракеге келмек болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты