​Унаа Көкөмерен суусуна түшүп кеткен

  • 5 лет мурун

Алдын- ала маалымат боюнча, 30-июнда саат 10:00 чамасында Суусамырда, Көкөмерен суусуна унаа сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Унаанын ичинде канча адам болгондугу тууралуу маалымат ИИМ тарабынан такталууда.

Издөө иштери улантылып, жалпы 93 куткаруучу тартылган.

Мындан сырткары болжолдоп жаткан жабыркагандардын туугандары тарабынан 20 адам тартылган.

Чүй облустук ИИБ кырсыкка кабылган унаада Өкмөттүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен болушу мүмкүн экени болжолдонуп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты