«Батукаев боюнча Атамбаевге каршы Атаханов көрсөтмө берди» дегенде Жамшитов бир нече жолу жаңылды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш жыйынында сүйлөп жатып Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча экс-вице-премьер Шамил Атаханов экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди дегенде бир нече жолу жаңылды.

Биринчи жолу ал Шамил Атаханов көрсөтмө берди дегендин ордуна, “Батукаев көрсөтмө берди” деп айтып алды. Кийинки эки жолу да «Шамил Атаханов» дегендин ордуна башкаларды айтып жаңылды.

Баш прокурор Атамбаевдин экс-президент деген статусу болгондуктан, мыйзам боюнча ал бүгүнкү жыйынга мыйзам боюнча чакырылбайт деп жооп берди.

Депутат Асел Кодуранова Алмазбек Атамбаевди калп болсо да жыйынга кагаз жөнөтүп, чакырып койбойт белеңер деп суроо салды. Депутаттык комиссия мүчөсү Талант Мамытов комиссия жыйынына Атамбаев түз эфирде жыйынга чакырылганын билдирди.

Бүгүн, 27-июнда, Жогорку Кенештин жыйынында Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик статусун алуу боюнча маселе каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты