​Баш прокуратуранын Атамбаев боюнча корутундусу парламенттин жалпы жыйынында каралат

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менген күрөшүү жана коррупцияга каршы комитети Баш прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча корутундусун Жогорку Кенештин жалпы жыйынына сунуштамак болду.

Баш прокуратура экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия койгон алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканн

Бул боюнча Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 25-июнда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында билдирген.

Жогорку Кеңеш 20-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын корутундусун карап жана Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча Баш прокуратурага сунуш жиберген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты