​Баш прокуратура Атамбаевге коюлган беш айыптын негизи бар деп тапты

  • 5 лет мурун

Баш прокуратура экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия койгон алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапты.

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 25-июнда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында бул боюнча билдирди.

Баш прокурор Жамшитов экс-президент Атамбаевге депутаттык комиссия койгон алты айыптын бешөөндө кылмыш белгилери бар экенин белгиледи.

Атамбаевдин «бийликти узурпациялган, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, бир катар депутаттарды, журналисттерди куугунтуктаган» деген айып боюнча анын түз катышы жок деп табылды.

Калган беш айып боюнча, тактап айтканда, Кой-Таштагы жер маселеси, кримтөбөл Батукаевди бошотууга, «Ака инвест» компаниясына , Жылуулук электр борборун модернизациялоодо коррупцияга тиешеси бар, ЖЭБге көмүр ташуу боюнча айыптоолордо негиз бар деп табылганын билдирди.

Жогорку Кеңеш 20-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын комиссиянын корутундусун карап жана Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыратуу боюнча Баш прокуратурага сунуш жиберген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты