​Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин алдында кандай милдеттер турат?

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жаткандыгын белгилеп, жаңы түзүлгөн комитеттин милдеттерине токтолду:

-Өлкөдөгү өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган стимулдардын натыйжалуулугун талдоо;

-Өнөр жай тармагына багытталган инвестициялык программаларды сунуштоо;

-Өнөр жай тармагына зарыл болгон заманбап адистерди даярдоо жолдорун иштеп чыгуу;

-Өнөр жай тармагын тейлеген инфраструктураны жакшыртуу жолдорун сунуштоо;

-Соода жана мамлекеттик сатып алуулар саясатын өзгөртүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;

Ошол эле учурда, жалпы эле бизнеске жолтоо болгон тоскоолдуктарды так аныктоо жана мамлекеттик органдардын катышуусу менен ушул тоскоолдуктарды жоюуга таасир этүү керек.

Аны менен бирге, экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүндө мониторинг жана баалоо жүргүзүү зор мааниге ээ, -деди мамлекет башчы.

Бүгүн, 24-июнда, Бишкекте өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты