​Жээнбеков өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынын өткөрөт

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 24-июнда,туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин алдындагы өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт.

Жыйында өнөр жай, жеңил өнөр жай, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн келечеги жана азыркы абалы талкууланат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү катышат.

Комитет инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында мамлекет жана бизнес-коомчулуктун ортосунда пикир алмашуу аянтчасы болууга багытталган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты