​Өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин жыйыны өтөт

  • 5 лет мурун

Президенттин алдындагы Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны келерки дүйшөмбү күнү, 24-июнда өтөт.

Бул тууралуу президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, аталган комитет мамлекеттин жана бизнес коомчулуктун ортосундагы талкуу аянтчасы болуп калат.

Комитеттин биринчи жыйынында өнөр жай тармагынын абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жайдын көйгөйлүү маселелери жана өнүктүрүү жолдорун кароо пландаштырылууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты