​Камактагы Өмүрбек Текебаев Кардиология жана терапия улуттук борборуна жаткырылды

  • 5 лет мурун

Камакта жаткан Өмүрбек Текебаев Кардиология жана терапия улуттук борборуна жаткырылды.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрдигинин медициналык комиссиясы Текебаевдин ден соолугун текшерип, ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алды.

Өмүрбек Текебаев өткөн жылдын декабрь айында да Кардиология жана терапия улуттук борборуна жаткырылган.

«Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев орусиялык ишкер жана Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевскийден 1 миллион доллар акча алды деген айыптоонун негизинде 2017-жылы камакка алынган.

Бирок бул айыптоо коомчулукта саясий куугунтук катары каралып келет.

Сот Өмүрбек Текебаевди жана аны менен кошо айыпталган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан.

3-майда Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Анын жактоочулары жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Текебаевдин ишин дагы бир жолу кароо боюнча кайрылышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты