Шыкмаматов: “Соттор саясий топтун буйрутмасын аткарды”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-майда, Жогорку сот абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкүл Чотоновдун ишин карап, мурдагы инстанциялардын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырып, бирок конфискация боюнча бөлүгү алынып салынсын деп өкүм чыгарды.

Буга байланыштуу “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов соттор саясий коньюнктуранын, саясий топтун буйрутмасын аткарганын билдирди:

—Сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Сот мыйзам, Конституция, абийир менен эмес, саясий коньюнктура менен чечим чыгарды. Адвокаттардын суранычын аткарган жок.

Соттор бүгүн чөнтөк сот экендигин, мыйзамга эмес, саясий коньюнктуранын, саясий топтун буйрутмасына баш ийерин дагы бир жолу көргөзүп койду. Бул — саясий топтун чечими, — деди Алманбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко катуу айтылып келе жаткан сот реформасы иш жүзүнө ашпай жатканын билдирди:

—Бүгүн баарыбыз катуу айтылып келе жаткан сот реформасы иш жүзүндө иштебей жатканына күбө болдук.

Жактоочулар тарабынан күнөөсүз экендигин далилдеген жетиштүү далилдер берилди. Текебаев, Чотоновдун камакта отурушу саясий буйрутма экенин коом билет. Тилекке каршы соттордун адилеттүүлүгүнө болгон акыркы үмүт бүгүн өчтү.

“Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева партиянын саясий кеңеши чогулуп, мындан кийинки кадамдарды талкууларын билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияберенесименен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Алардын адвокаттары 2018-жылы ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура андан баш тарткан.

Жаңы мыйзамдардын ишке киришине байланыштуу “Адилет” укуктук клиникасы быйыл 15-февралда ишти кайра кароо өтүнүчүн Жогорку сотко жолдогон. Бул боюнча биринчи отурум 23-апрелде өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты