​Президент Нур-Султан шаарына учуп кетти

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапар менен Нур-Султан шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчы Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт,

Жыйында эл аралык ишмердик, санарип маселеси, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ интеграциясына тиешелүү документтер талкууланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты