​Жээнбеков жакында Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

28-29-майда Нур-Султан шаарында мамлекет башчы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат.

Жыйында эл аралык ишмердүүлүк, санарип маселеси, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ интеграциясына тиешелүү 20 дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда.

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат.

30-майда Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Президент Индияга иш сапары менен барат.

Анда индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

31-майда эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен мамлекет башчы Сауд Арабияга учат жана Меккеде өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-Саммитине катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты