“Коопсуз шаар” долбоорун россиялык “Вега” компаниясы ишке ашырат

“Коопсуз шаар” долбоорун россиялык “Вега” компаниясы ишке ашырат

Бүгүн, 12-ноябрда, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана россиялык “Вега” радиокурулуш концерн компаниясынын башкы директорунун орун басары Сергей Калмыков  “Коопсуз шаар” долбоору боюнча келишимге кол койду.

Компания 90 календарлык күндүн ичинде аппараттык-программалык комплекстин биринчи монтаж иштерин жасап бүтмөкчү.

Конкурстун талаптарына ылайык, россиялык компания келишимдеги жалпы баанын 10 пайызын,  245 миллион 713 миң 94 рубль ($3 миллион ашык) төлөдү.

Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөттө: Эки тараптын кол коюу учуру.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты