Сот Илмияновду камакта калтырды

Сот Илмияновду камакта калтырдыБишкек шаар сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы экс-президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке какты. Сотко анын адвокаты Сергей Слесарев ушундай өтүнүч келтирген эле. Ал Илмиянов тергөөдөн качуу ниети жок жана аны абакта кармоо негизсиз деп эсептейт.

Бирок шаар соту жактоочунун өтүнүчүн канааттандырбоо менен Илмияновду 28-ноябрга чейин тергөө абагында кармоо боюнча Биринчи май райсотунун чечимин күчүндө калтырды. Сот бул ишти жабык карады. Бул учурда сот алдына Илмияновдун 50 чакты тарапкери аны үй камагына чыгаруу талабы менен чогулуп турду.

Жактоочу эми Жогорку Сотко кайрыларын айтууда.

Коомчулукка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана көздөй кишилеринин бири катары таанымал Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Москвадан Дубайга учуп жаткан жеринен кармалып, Бишкекке алынып келген.

Башкы прокуратура ага алдамчылык беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакта кармоо чечимин чыгарган. Ошондон бери ал УКМКнын тергөө абагында. Илмиянов былтыр жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар пара алган деп шектелүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты