Кыргызстандын экс депутаты Казакстанда соттолууда

Кыргызстандын экс депутаты Казакстанда соттолууда

 

 

 

 

 

 

 

 

Жогорку Кеңештин экс депутаты Дамирбек Асылбек уулу аткезчилик  боюнча Алматы шаарында соттолуп жатканын жергиликтүү ЖМК булактары жазды.

Анын Казакстанда кандайча кармалганын жана Кыргыз бийлиги кандай реакция кылганын эске түшүрө кетели.   

17-февраль, 2018-жыл.   Кыргызстандын ТИМи Казакстанда биздин  жарандр 15-16-февралда кармалганын, анын бири Жогорку Кеңештин депутаты тууралуу маалыматты тактоону талап кылган нотаны Бишкектеги казак консулу Ерлан Абишевге тапшырган.

18-февраль 2018-жыл. Казакстан нотага 18-февралга караган түнү жооп берген.

Анын алдында Казакстандын Башкы прокуратурасы Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн атайын ири операцияда 29 адам кармалганын маалымдаган. Кармалгандар казакстандык бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылган.

Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” ракциясынын депутаты болгон, Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти.

Асылбек уулу менен бирге кыргызстандык Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов да кармалган.

ЖК депутаты  Дамирбек Асылбек уулунун чыныгы аты-жөнү  Динарбек Супатаев болуп чыккан. Ал 1981-жылы эмес, 1979-жылы туулган. Аты-жөнүн өзгөртүп, жашын ылдыйлатканы криминалдык эмес, спорттук кызыкчылыктан улам экенин, ал бир катар жылдары Казакстандын атынан спорттук мелдештерге катышып, байгелүү орун алганын аны жакындан билген кыргызстандыктар маалымдаган.

20-февраль 2018-жыл.  Жогорку Кеңеш жана парламент төрагасы Казакстанда кармалган депутат Асылбек уулу Дамирбектин ишин тергөөгө кийлигишпей турганын билдирген.

23-февраль 2018-жыл.  Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунда казак жарандыгы бар экенин ырастаган расмий кат ТИМге жөнөткөн.

27-февраль 2018-жыл. Казакстанда аткезчилик боюнча айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин экс депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз жана ал Караколдо туулуп-өскөндүгүн анын атасы Асылбек Супатаев айтып берген.

16-апрель 2018-жыл.  Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин депутаттык полномочиесин токтоткон. Анын себеби— депутаттын казак жараны да болуп чыкканына байланыштуу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты