Сот Сапар Исаковду камакта калтырды

Сот Сапар Исаковду камакта калтырды

Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Адвокаттар Биринчи Май райондук сотунун Исаковду 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган эле.

Бүгүнкү сотто Сапар Исаковду жубайы менен көрүштүрүүгө уруксат берилген жок. Мындай чечим мурдагы премьердин сотко катышып жаткан тарапкерлеринин нааразылыгын жаратты.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган сапар Исаков быйыл 5-июнда камакка алынып, ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат. Мурдагы премьер өзү бул иште «саясий боёк» бар экенин айтып келет. Бөгөт чарасы каралган буга чейинки сот иштеринде да Исаков тергөөгө жардам берүүгө даярдыгын билдирип, үй камагына чыгарууну суранып келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты