Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов көз жумду

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов көз жумду

2018-жылдын 8-октябрына караган түнү КР Маданият, маалымат жана министри, белгилүү журналист жана сатирик Султан Жумагулов 59 жашында узакка созулган оорудан кийин көз жумгандыгын анын жакындары кабарлады.

Султан Жумагулов онкологиялык дартка кабылып, бир нече жолу операция болгон. Бирок акыркы күндөрүнө чейин кайратын жоготпой, жалаң мамлекеттик маселелер менен алек болуп түйшөлүп келген.

Маданият, маалымат жана туризм  министри болуп туруп, тармакка жаңычыл багытты киргизүүгө далалат кылып, маданиятты көтөрүү багытында өлбөс-өчпөс из калтырып кетти.

Журналист катары Султан Жумагулов дүйнөлүк «Би-Би-Си», «Азаттык» маалымат каражаттарында жана УТРК, ЭЛТР каналдарында иштеп, кыргыз тилдүү журналистиканын өсүшүнө, жаш кадрларды өстурүүгө чоң көңүл буруп келди.

Султан Жумагуловдун апасы менен атасына, үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине, досторуна «ПолитКлиника» медиасынын жамааты терең кайгыруу менен көңул айтат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты