Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду өз ишин баштады

Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду өз ишин баштады«Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фондунун бет ачары болду. Фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Сабыр Абдумомуновдун билдиргенине караганда, аталган уюм Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөр жанрын өнүктүрүүнү максат коет. Аны менен катар коррупциялык схемаларды, коомдогу мыйзамсыз аракеттердин бетин ачууга аракет кылган журналисттик демилгелерди колго алат.

Фонд өлкөдөгү курч көйгөйлөрдү иликтөөгө алган темалардын арасында сынактарды жарыялап турат. Ошондой эле жыл сайын Улан Эгизбаев атындагы сыйлык дагы тапшырылып турмакчы. Фонддун түптөөчүлөрүнүн айтымында, аракеттер муну менен гана чектелбестен, эч нерседен тайманбаган журналисттерди окутууга дагы жан үрөп, Улан сыяктуу калеми курч журналисттерди тарбиялап чыгарууга бел байлап жатат.

Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду өз ишин баштадыЭскерте кетсек, «Азаттыктын» курч журналисти Улан Эгизбаев каза тапкандан кийин анын элесин түбөлүккө калтыруу максатында журналисттик иликтөөлөр фондун түзүү сунушталган. Андан соң бул идея ишке ашып КР Юстиция министрлигинен каттоодон өттү.

Фонддун ишмердүүлүгү ачык-айкын болушу үчүн мамлекеттик, коомдук ишмерлерден, журналисттер курамына кирген байкоочу кеңеш түзүлдү.

Фонддун медиа-менеджери болуп Айбек Турдалиев дайындалды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты