Албек Ибраимов кармалды

Албек Ибраимов кармалдыАлбек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүндө экени расмий кабарланган.

Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

Шаардык кеңештин ишениминен чыккан Албек Ибраимов 2016-жылдын февралында бир добуштан мэр болуп шайланып, Кубанычбек Кулматовдун ордун баскан. Экөө тең экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакын санаалаш экени маалым.

«ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан.

Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты