Депутаттар Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдай эске алынышын талап кылышууда

Депутаттар Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча жаңы жагдай эске алынышын талап кылышууда
Бүгүн, 21-майда, “Ата Мекен” партиясынын камакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин жаңы ачылган жагдайлары боюнча ЖК депутаттары талап кылышууда.
Аталган партиянын фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бир катар фракциялар, атап айтсак, “Өнүгүү –Прогресс”,”Республика-Ата журт”, “Ата Мекен” жана депутат Жанар Акаев Текебаевдин иши боюнча жаңы ачылганган жагдайларга соттун көңүлү бурулушун талап кылышууда. Алар бүгүн маалымат жыйынында да бул тууралуу айтып беришет.
Мурда сотто Өмүрбек Текебаевдин күнөөсүз экенин далилдеген бир катар жагдайлар эске алынбай калганын, Модин менен Маевскийдин жалган көрсөтмөлөрү, Текебаевдин иш бөлмөсү катары Атамбаевдин иш бөлмөсүн көрсөтүлгөндүгү, Дүйшөнкул Чотонов Ошто жүргөн кезинде Текебаевдин жолугушуусун Чотонов уюштуруп берген деген ж.б. жагдайлар эске алынбай калганын айтышууда.
«Ата Мекен» партия лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов өткөн жылдын февраль айынан бери Орусия жараны Маевскийден Мегаком компаниясына байланыштуу 1 млн доллар пара алган деген айып менен 8 жылга эркинен ажыратылып, абакта жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты