Манасбек Арабаев ишенимден чыгып, кызматынан кол жууду

Манасбек Арабаев ишенимден чыгып, кызматынан кол жууду

Бүгүн, 15-майда, Президент Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Арабаев Манасбек Матаевичти “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотту. Бул жарлыктын адаттан тыш беренесинин  артында кызматкердин ишмердүүлүгү саясий жетекчиликтин саясатына туура келбегендиги жана ишенимен кеткендиги турат. 

Манасбек Арабаев бул кызматка  2015-жылдын 5-февралында дайындалган. Кийинки мезгилде соттук териштирүүлөргө байланыштуу анын аты өлкөдөгү көп сандаган соттогу адилетсиздик, сотторго кысым көрсөтүү менен байланыштырылып келген. М. Арабаевди сотторду башкарып, аларга кысым жасоо менен. адилетсиз чечимдер чыгып жаткандыгы тууралуу байма-бай айтылып келген.

“Сөз эркиндигин коргоо комитети Манас Арабаев жана Алмаз Маткасымовдун сотторго таасирин текшерүү үчүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылгандыгы маалым.

Кечээ, 14-майда, «Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш» аттуу форумдун катышуучулары Манас Арабаев менен Алмаз Маткасымовдун сотторго кысым көрсөтүп жаткандыгы тууралуу айтылган.

Айта кетсек, Алмаз Маткасымов Улуттук Коопсуздук Комитетинин кызматкери экендиги айтылат.

Манас Арабаевди кызматтан бошотуу тууралуу жогоруда аталган берене өлкөнүн саясий жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясатка туура келбегендиги, саясий жетекчиликтин ишениминен чыккандыгы менен байланыштуу. Адатта Кыргызстанда мындай берене менен кызматтан алынгандар эсибизде жок.    

2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук Кеңешинин чечиминде ишенимден кетүү беренеси менен улам кызматтан бошотуу чечимин кабыл алуу маселеси да каралган.

Бул берене кызматтан бошотуу менен гана чектелбестен, кийинки кадам ишенимден кеткен мамлекеттик кызматкерди сот жоопкерчилигине тартууга да негиз боло алат.    

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты