Венеция комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин абалына тынчсызданып, саясый себеп бар деп белгиледи

Венеция комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин абалына тынчсызданып, саясый себеп бар деп белгиледиВенеция комиссиясы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул уюмдун кезектеги жыйынына катыша албай калганына “терең тынчсызданууда”. Бул тууралуу партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Токтакунованын айтымында, март айында Текебаевдин атына чакыруу келген, бирок ал камакта жатканына байланыштуу жыйынга катыша албай турганы тууралуу жооп жөнөтүлгөн. Бүгүн ошол катка комиссиянын төрагасы Жанни Букиккиодон жооп келди.

Анда “Мен комиссиянын мүчөлөрүнө сиз келе албай калган себептер тууралуу маалымат бердим. Сиздин жоктугуңузга абдан тынчсыздандык. Биз сизди Венеция комиссиясынын мүчөсү гана эмес, саясатчы катары да көптөн бери билебиз. Өлкөңүздөгү демократиялык реформаларга көрсөткөн чечкиндүү колдооңузду дайыма жогору баалайбыз” деп жазылган.

— Атамбаев Текебаевге каршы иш козголгондо эле «аны Венециялык комиссиядан мүчөлүктөн чыгаргыла» деген кат жөнөткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мүчөлүктөн чыгармак тургай, аны сессияга чакырып, каттарын карап жатканы — бул уюм демократияны, мыйзамдуулукту биринчи орунга коёрун белгилейт, — деди Токтакунова.

Венеция комиссиясы – Европа Кеңешинин Укук аркылуу демократия үчүн комиссиясы. Ал 1990-жылы негизделген, мүчөлөрүнүн катарына Кыргызстан да кирет. Жыйындары Австриянын борбору Вена шаарында өтүп турат. Негизги иши – конституциялык укукка байланыштуу мыйзамдарды анализдөө.

Текебаев Орусия жаранынан пара алган деген айып менен 2017-жылы февраль айында кармалып, кийин 8 жылга кесилген. Өзү муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтугу деп атап келет.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы Текебаевди Венеция комиссиясынын мүчөсү кылып дайындаган, бирок 2017-жылы ал жарлыгын жокко чыгарып, ордуна Эркинбек Мамыровду дайындаган.

Ал эми комиссия өкүлдөрү аны мүчөлүктөн чыгаруу же чыгарбоо Кыргызстандын ички документинин негизинде эмес, уюмдун өз чечимине ылайык аныкталарын билдиришкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты