Пара менен кармалган прокурор инсульт алган болушу мүмкүн

Пара менен кармалган прокурор инсульт алган болушу мүмкүн200 миң доллар пара менен кармалган Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев учурда ооруканада жатат. Айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып анын инсульт алганын жазып чыкты.  УКМКнын маалыматына караганда,  Чалбаевди кармоо операциясында анын кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакырылып, ооруканага түшкөн.

Эске салсак, Улан Чалбаевди 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери колго түшүргөн.

Айрым маалыматтар боюнча, ал азырынча аты айтылбаган жарандан пара катары 500 миң доллар талап кылган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты