БШК Асылбек Дамирбек уулунун депутаттык мандатын алды

БШК Асылбек Дамирбек уулунун депутаттык мандатын алды
Бүгүн, 16-апрелде, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин депутаттык полномочиесин токтотту. Анын себеби— депутаттын Казак жараны да экенине байланыштуу.
16-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек Кыргызстандын гана жараны болбостон, Казакстандын да жараны да болуп чыкканына байланыштуу, депутаттык полномочиесин токтотконун БШКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын экс-депутаты Асылбек уулу Дамирбектин казак жарандык маселеси анын Казакстандын Бажы постунан кармалып, контрабандага айыпталып, Казакстандын тергөө абагында жаткан учурунда ал Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын да жараны экени аныкталган.
Мамлекеттин жогорку саясий кызмат орду-Жогорку Кеңештин депутаты болуп чет өлкөлүк жарандын шайланып калышына Кыргызстанда ким жооп берет?

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты