Казакстан кыргыз депутаты кармалганын ырастады

Казакстан кыргыз депутаты кармалганын ырастадыКазакстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкектин нотасына жооп берип, кармалган кыргызстандыктардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экенин ырастады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда буга чейин айтылгандай эки эмес, төрт кыргыз жараны кармалганы белгилүү болду. Алардын арасында депутат Дамирбек Асылбек уулу да бар.

Кулукеева Кыргызстандын жарандары кандай жагдайда кармалганын териштирип, бул багытта министрликтин кызматкерлери Казакстандын тиешелүү кызматтары менен иш алып барып жатканын кошумчалады.

17-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Казакстанда Кыргызстандын эки жараны кармалганы, анын бири Жогорку Кеңештин депутаты экени» тууралуу маалыматты тактап берүүнү талап кылган нотаны Бишкектеги казак консулу Ерлан Абишевге тапшырган. Казакстан нотага 18-февралга караган түнү жооп берген.

Анын алдында Казакстандын Башкы прокуратурасы “Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалганын» маалымдаган. Өлкөнүн чек ара аймактарында контрабандалык ишмердик кылган уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн операцияда кармалгандар бажы, укук коргоо органдарынын кызмат адамдары, брокерлер, ортомчулар, криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү экени айтылган. Анын ичинде Кыргызстандын эки жараны бар болгону жана анын бири Кыргызстандын парламентинин депутаты экени да кабарланган.

Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты, Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти. Аталган фракция жана федерация Асылбек уулунун кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты