Автоунаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүп жатат

  • 3 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейд жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта салыкты өз убагында төлөбөгөндөргө мыйзамга ылайык 1000 сом айып салынып, ага кошумча ар бир өткөн күн үчүн туум эсептелери айтылган. Мындан улам Салык кызматы акчаны азыр төлөөгө чакырат.

Ошондой эле рейддер салык төлөбөгөндөрдү жазалоо максатында гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн дагы өткөрүлүп жатканы кошумчаланган.

Эскерте кетсек, быйыл автоунаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Сүрөт: Мамлекеттик салык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты