2022-жыл Түрк дүйнөсүндө «Токтоболот Абдумомунов жылы» деп белгиленди

  • 3 года мурун

2022-жыл Түрк дүйнөсүндө «Токтоболот Абдымомунов жылы» деп жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Өзбекстандын Хива шаарында өткөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 38-жыйынында кабыл алынды.

Токтоболот Абдымомунов — драматург, жазуучу, коомдук ишмер Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири. “Абийир кечирбейт”, “Тар капчыгай”, “Атабектин кызы” чыгармалары менен белгилүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты