​Вакцинадан кийин эркектердин эркектик уруктугу жоголот, ал эми аялдардын жумуртка клеткалары өлөт деген маалымат калп (Фактчекинг)

2021-жылдын 14-сентябрында Фейсбук тармагындагы Юлия Хоменко атуу колдонуучу “Мы против принудительной вакцинации!!!” деп түзүлгөн тайпага “Биздин врачтар вакцинацияга каршы!” деп төмөнкү видеону жүктөгөн:

Ал видеодо, Казакстандык бир катар врачтар өздөрүнүн вакцинацияга каршы пикирин билдиришкен. Алардын арасында Прокушева Ирина Петровна деген врач айым, өзү кабыл алган пациенттерден вакцина алгандан кийин эркектерде эркектик уруктуктун жоголуп кеткенин, аялдарда болсо, жумуртка клеткаларынын өлүп калуусун байкаганын айткан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Прокушева Ирина Петровна деген ким? Ал — Казакстандык врач-гинеколог, эндокринолог, уролог, маммолог, гомеопат.

Вакцинанын аялдын жумуртка клеткасына тийгизген таасири

Аялдын жумуртка клеткасы — бул ургаачы репродуктивдүү клетка (жана ал адамдагы клеткалардын эң чоңу). Анын аркасында жаңы организм пайда боло алат. Мындан тышкары, жумурткалардын иштеши аялдын ден соолугуна таасир этет.

Дал ушул аялдын жумуртка клеткаларына Гам-КОВИД-Вак (Спутник V) вакцинасынын таасирин Долгушина Н.В., Драпкина Ю.С., Кречетова Л.В., Иванец Т.Ю., Менжинская И.В., Гус А.И., Байрамова Г.Р., Сухих Г.Т. аттуу илимий изилдөөчүлөр анализдеп көрүшкөн.

Ал изилдөөгө Gam-COVID-Vac (Sputnik V) вакцинасы менен COVID-19га каршы эмделген 51 аял катышкан. Изилдөөгө, 18 жаштан 45 жашка чейинки, этек кири өз убагында келген, жумуртка клеткалардын нормалдуу резерви болгон, COVID-19 менен мурда оорубаган, ПТР тест тапшырганда жыйынтыгы терс болгон жана вакцина алгандан мурунку IgG антителолорунун жыйынтыгы терс болгон, ошондой эле кош бойлуу эмес жана олуттуу медициналык оорусу жок аялдар катышкан. Бейтаптарды текшерүү эки жолу — эмдөөдөн мурун жана вакцинанын биринчи дозасын алгандан 90 күндөн кийин жүргүзүлгөн.

Жыйынтык. Алынган алдын ала маалыматтар репродуктивдүү курактагы аялдарды Gam-COVID-Vac вакцинасы менен эмдөө аялдардын энелик безинин резервине терс таасирин тийгизбей турганын көрсөткөн.

​Вакцинадан кийин эркектердин эркектик уруктугу жоголот, ал эми аялдардын жумуртка клеткалары өлөт деген маалымат калп (Фактчекинг)

Вакцинанын эркектик уруктукка тийгизген таасири

Сперма же эркектик уруктук — бул эркектин жыныстык клеткасы. Сперматозоиддер, адатта, активдүү кыймылдап, ургаачы жумуртканы уруктандыруу үчүн кызмат кылышат.

Вакцинанын эркектик уруктукка тийгизген таасири боюнча Майами университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп көрүшкөн.

​Вакцинадан кийин эркектердин эркектик уруктугу жоголот, ал эми аялдардын жумуртка клеткалары өлөт деген маалымат калп (Фактчекинг)

Изилдөөгө жыныстык клеткаларында көйгөйлөрү жок болгон 25-31 жаштагы 45 эркек катышкан. Окумуштуулар алардын эркектик уруктугунун үлгүлөрүн алышкан. Андан кийин ал эркектер коронавируска каршы Pfizer же Moderna вакцинасынын биринчи дозасын алышкан.

Вакцинанын экинчи дозасын алгандан 70 күн өткөндөн кийин, изилдөөчүлөр баягы эркектерден кайрадан эркектик уруктугунун жаңы үлгүлөрүн алышкан. Андан кийин эркектик уруктуктун көлөмүн, концентрациясын, кыймылын жана жалпы санын аныктоо үчүн аларды текшеришкен.

Жыйынтык. Катышуучулардын эч биринде көрсөткүчтөрдүн олуттуу төмөндөштү күтүлгөн жок, тескерисинче, сперматозоиддердин концентрациясы жана кыймылдуулугу дагы жогорулаганы байкалган.

«Вакциналардын курамында тирүү вирус эмес, мРНК бар болгондуктан, вакцинанын сперматозоиддердин сапатына таасир этиши күмөн«, — дешет адистер.

Буга чейин Роспотребнадзор россиялык COVID-19 вакциналары аялдардын же эркектердин төрөтүнө эч кандай таасирин тийгизбейт деп айткан. Департамент бардык ата мекендик препараттар тукумга, биринчи кезекте лабораториялык жаныбарларга тийгизген таасирин баалоо үчүн керектүү сыноолордон өткөнүн, эч кандай терс кесепеттери аныкталбаганын билдирген болчу.​Вакцинадан кийин эркектердин эркектик уруктугу жоголот, ал эми аялдардын жумуртка клеткалары өлөт деген маалымат калп (Фактчекинг)


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча эмне дейт?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кэйт О’Брайен “Берилип жаткан вакциналар тукумсуздукка алып келбейт. Бул ар кандай вакциналардын тегерегинде тараган ушак, алар чындыкка дал келбейт. Тукумсуздукка алып келүүчү вакцина жок”, — деп билдирген.

​Вакцинадан кийин эркектердин эркектик уруктугу жоголот, ал эми аялдардын жумуртка клеткалары өлөт деген маалымат калп (Фактчекинг)


Жыйынтык: Бир катар изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таяна турган болсок, вакцина алгандан кийин эркектердин сперматозоиддери жоголот, ал эми аялдардын жумуртка клеткалары өлөт деген маалымат далилдене элек. Изилдөөлөрдө, вакцина алгандан кийин аялдардын жумуртка клеткасы менен эркектердин эркектик уруктугунда эч кандай олуттуу өзгөрүүлөр байкалган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты