Жер тилкелерин трансформациялап берүүнү убадалап 21 500 доллар алган жаран кармалды

  • 3 года мурун

Аламүдүн районунун тургундарынан алдамчылык жолу менен 21 500 доллар өндүрүп алган жаран кармалды.

Бул тууралуу 20-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган К. Ж. аттуу жаран Аламүдүн районунун тургундарына өзүн юрист, адвокат, Башкы прокуратуранын кызматкери катары тааныштырып, жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу жана трансформациялоо убадасы менен 21 500 доллар өлчөмүндө акча өндүрүп алган.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары кармалган К.Ж. Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси болуп-болбогондугу териштирилип жатат. Сүрөттө көрсөтүлгөн жарандын аракетинен жабыркаган же дагы башка маалыматы бар жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу укук коргоо органдарына кабарлай алышат: 0 (702) 20-40-70, 0 (705) 00-88-08

Мындан тышкары ИИМ жарандарды жер тилкелерин сатып алууда сак болууга, бардык документтерди дыкат текшерүүгө, ошондой эле текшерүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты