Манас айылында 52 жашар аялды өлтүрө сүзгөн мотоциклист кармалды

  • 3 года мурун

19-сентябрдын кечинде «Манас» аэропортуна кеткен жолдо мотоциклист жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапты.

Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгынын билдиргени боюнча, жол кырсыгы 19-сентябрда саат 19:30дар чамасында болгон. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 297-беренеси боюнча (Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 1992-жылы туулган Н.Ф. кармалды. Учурда ал Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.

Окуяга нааразы болгон жергиликтүү тургундар «Манас» аэропортуна кеткен жолду жаап, бийлик өкүлдөрүнүн келүүсүн талап кылышкан. Милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү топтолгондор менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң чогулгандар тарап, жолду ачышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты