​Ош облусунда эки ирет жер титиреди

  • 3 года мурун

Кечээ, 19-сентябрь күнү Ош облусунун аймагында эки ирет жер титиреди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 19-сентябрь күнү саат 08:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилди. Ошондой эле 19-сентябрь күнү саат 21:21де жер титирөө Алай районунун Сары-Таш жана Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты