«Манас» аэропортунда унаа өрттөнүп кетти

  • 3 года мурун

«Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында «Фольксваген Пассат» маркасындагы унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

20-сентябрь түнкү 3:30дар чамасында милицияга жогорудагы кырсык тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып кеткен.

Унаанын ээси укук коргоо кызматкерлери менен сүйлөшкөн учурда эч кимге доосу жок экендигин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты