Жапаров «Кыргызалтындын» ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесинен чыгарылуусу күтүлгөн иш болгонун билдирди

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров Лондондогу Баалуу металлдар базары ассоциациясынын (LBMA) «Кыргызалтын» ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтоткону боюнча билдирүү таратты. Анда ал ассоциациянын бул чечимин “күтүлгөн иш болчу” деп баалады.

“Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу гана иш, башкача айтканда, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн экенин белгилеп кетким келет. Канадалыктар Кыргызстандын элине, республиканын экономикасына жана экологиясына келтирген зыяны үчүн кечирим сурап, бардык жоготууларды кайтарып, тынч жол менен кетет деп эч ким күткөн эмес”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жапаров мындан тышкары алтынды жеткирүүнүн жаңы каналдарын иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгилеп, алтынды зергерчиликке сатуу дагы каралып жатканын айткан.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) «Кыргызалтындын» алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрдан тарта токтоткону белгилүү болгон.

Ага ылайык, LBMA июнь айында алтын аффинаждоочу «заводдогу алдамчылыкка шек саноодон» улам текшерген. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мамлекетке караштуу заводдун ишенимдүү алтын өндүрүүчүлөрдүн катарындагы Good delivery статусу токтотулган.

Бул аккредитациянын токтотулушу «Кыргызалтын» ишканасына таандык Кара-Балтадагы алтын аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймаларын дүйнөдөгү Good delivery макамы менен таанылган базарларга сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Кыргызстандын алтынын экспорт кылып келген Батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты