​Экс-премьер-министр Оторбаев УКМК тергөө абагына камалды

  • 3 года мурун

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абак жайына камалды. Ал тергөө иши аяктагыча камакта болот.

Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечим чыгарганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө 16-сентябрда өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайында кармоо чечимин кабыл алган.

Тергөөдө аныкталгандай, Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп турган кезде, КР Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин «Кумтөр» кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Суу кодексинин жана мыйзам талаптарын бузуу менен, «Кумтөр Голд Компанинин» («Центера Голд Инк.») кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук бергендиги белгиленген.

«Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Темир Сариев эки айга, 30-сентябрга чейин УКМК убактылуу абак жайына камалды.

Кыргызстандын мурдагы Президенти Аскар Акаев Москвадан Бишкекке келип, «Кумтөргө» байланыштуу сурак берди жана кайра кайтып кетти.

«Кумтөр иши» боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Тайырбек Сарпашев 319-берененин 2-бөлүмү («Коррупция») менен кылмыш жасаган деп шектелип, 17-июнда камакка алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты