“ДыйканДос”. Айыл чарбасы боюнча бардык суроолорго жооп берген онлайн жардамчы пайда болду

  • 3 года мурун

Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги бардык фермерлерге айыл чарба тармагындагы ар кандай маанилүү маалыматты алууга жана чогултууга жардам бере турган «ДыйканДос» көп функциялуу онлайн Telegram ботун сунуштайт.

Виртуалдык жардамчы айыл чарбасын санариптештирүүнүн алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Агросмарт» мамлекеттик ишкана тарабынан иштелип чыккан.

«ДыйканДос» негизи фермерлер бардык керектүү материалдарды тез жана оңой таба алышы үчүн, маалыматка жетүү көйгөйүн чечүү жана ошондой эле айыл чарбасынын бардык ыкмаларын чогултуу үчүн жасалган жардамчы. Долбоордун авторлору «ДыйканДос» айыл чарба тармагында бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртат деп эсептешет.

Сүрөт: «Сорос-Кыргызстан» фондунун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты