​Малина чарбасын иштеткен ишкер — Каныбек (ВИДЕО)

Малина көп жылдык өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт. Анын көчөтүн жазында жана күзүндө отургузууга болот. Малина отургузулгандан кийин эле, кийинки жылы түшүмүн алууга болот. Ал эми 2-3 жылдан кийин түшүмдүүлүгү бир канча эсе арбыйт. Негизи малина — дыйканчылыктын кирешелүү тармактарынын бири. Сезон учурунда малинадан арбын киреше тапкан дыйкандар көп. Биздин каарманыбыз, Бишкектин чет жакасындагы Арчалы айылынын жашоочусу Каныбек Осмоналиевдин малина чарбасына бардык.

​Малина чарбасын иштеткен ишкер - Каныбек (ВИДЕО)




“Алгач, малинанын жети түп көчөтүн тигип көргөм”

Биздин Арчалы айылында малина өстүргөндөр арбын. Кошунам да, малина чарбасы менен алектенет. Мен бул огородду сатып алган жылдары кошунам, “Каныбек, бул жерге малина отургуз, түшүмү жакшы болот” деп калды. Ошентип, биринчи жылы малинанын жети түп көчөтүн тигип көрдүм. 2014-жылы 40 сотык жерге толугу менен малинанын көчөтүн отургуздум. Малинанын жакшы жери кийинки жылы кадимкидей эле түшүмүн бере баштайт экен. Башкаларга малина өстүрүп, жыйнап алуу оңой сезилет. Бирок, мунун деле билинбеген кыйынчылыктары бар. Мисалы, өз убагында сугарып, отоо чөбүн тазалап туруу зарыл.

​Малина чарбасын иштеткен ишкер - Каныбек (ВИДЕО)




«Биз отургузган малинанын ар бир сабы түшүм берет”

Малинаны мүмкүнчүлүккө карап, күзүндө деле, жазында деле отургуза беришет. Бирок, көчөттү жазында отургузган жакшы. Анткени, бүчүр байлабай аткандарын алмаштырып турасың. Отургузууга көчөттүн бүчүрү чыкканча жетишүү зарыл. Бул эң негизги талап. Аны менен бирге малинанын сортун да туура тандаш керек. Негизи малинанын 200дөн ашык сорту бар. Алардын кээ бири көп түшүм берсе, арасында аз түшүм бергендери да жок эмес. Мисалы, биз отургузган малинанын ар бир талы түшүм берет. Бул — малинанын “ремонтант” деп аталган сорту. Көчөттү ушул эле айылдагы Алтын ападан алгам. Ошону акырындык менен көбөйтүп алдым. Бул малиналар азыр түшүм берип, кеч күздө куурай баштайт. Анын куурагандарын трактор менен эле кырктырып, кайра жыйнатып алабыз. Эрте жазда сап-сап болуп тизилген малиналардын ортосуна кичинекей болуп көчөттөр быжырап чыга баштайт. Аларды казып, көчөттөрүн 10 сомдон алып кетишет.

​Малина чарбасын иштеткен ишкер - Каныбек (ВИДЕО)

“Кардарларым көп болуп малинаны жеткире албай калып атам”

Малина түшүм бере баштагандан тарта эле телефонубуздун жаагы тынбай калат. Кардарларыбыз бири-биринен телефон номерлерибизди алып эле “Бизге малина керек эле, алып келип бериңизчи” деп чала беришет. Баарына алып барып бергенге аракет кылам. Сезондо малинанын килограммынын баасы 180-200 сом турат. Бул баа сезондун аягына чейин сакталат. Малинаны башында өзүбүз үй-бүлөбүз менен чыгып терчүбүз. Бирок, андан да тажап калат экенсиң. Азыр кыз-келиндер келип теришет. Алардын ичинде Жалал-Абаддан келген Максуда эже да бар. 4-5 жылдан бери сезондо ошол эле келип терет. Кээде жанына кыздарды ээрчитип келип, чогуу теришет. Бир банка үчүн 10-14 сом төлөнөт. Кечинде алардын терген малиналарын машинама жүктөп алып кардарларга жеткирип берүү менен алекмин. Азыр бул чарбамды кеңейтсемби деп ойлонуп атам. Себеби, кардарларым көп болуп, малинаны жеткире албай калып атам. Бирине алып барсам, экинчиси таарынып калат.

​Малина чарбасын иштеткен ишкер - Каныбек (ВИДЕО)

“Бир сезондо 500 миңден 700 миң сомго чейин каражат топтолот”

Сезон июнь айынын аягынан октябрдын башына чейин уланат. Бул аралыкта үшүк жүрүп кетпесе эле, малина түшүмүн бере берет. Мисалы, кыздар бир сезон бою эки күн иштеп, бир күн эс алышат. Алар күнүнө 100-120 банкага чейин теришет. Мисалы, азыр күнүнө 150-200 банканын тегерегинде малина өткөрүп атабыз. Малина кызыган учурда күнүнө 300 банкага чейин малина өткөрөбүз. Бир сезондо ушул эле жердеги малиналардын түшүмүнөн 500 миңден 700 миң сомго чейин каражат топтолот. Минип жүргөн автоунаамды да ушул малина чарбамдан түшкөн каражатка алдым десем болот.

“Он жылдан бери малина терип иштейм”

Бир сааттын ичинде мен болгону 3 жарым банка малина териптирмин. Жанымдагы Гүлназ эже бир күндө 80-100 банка малина терет. Ар бир банкасы үчүн 12-15 сом акы алат.

​Малина чарбасын иштеткен ишкер - Каныбек (ВИДЕО)

“10 жылдан бери малина терип, кышкыга оокат-ашымды камдап алам. Азыр малинанын кызып турган учуру да. Быйыл, былтыркыга салыштырмалуу түшүм жакшы. Күнүнө 1000-1500 иштеп алабыз. Бир банкасын 12-15 сомдон теребиз. Малинаны терген кулпунайга салыштырмалуу оңой. Басып жүрүп эле банкаларыңды толтуруп койсоң болот. Түштө да ушул жерден тамактанабыз. Иштеткен адамдар тамагын өздөрү алып келип беришет”.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты