​Вакцина алгандан кийин коронавирустун өлүм коркунучу 89 эсеге жогорулайт деген маалымат манипуляция

19-август күнү Павел Воробьёв аттуу колдонуучусу: “Израилдик окумуштуу доктор Джош Гецков өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен тааныштырды. Ал сасык тумоодон жана ковидден эмделгенден кийинки терс таасирлердин келип чыгышын салыштырган. Экинчи учурда, миокарддын инфарктына чалдыгуу мүмкүнчүлүгү 172 эсе жогору, өлүм коркунучу 89 эсе жогору болгон”,- деген билдирүү менен онлайн жолугушуунун скриншотун киргизген. Б.а изилдөөгө ылайык Covid-19га каршы вакцина алган адамдардын инфаркт алуу мүмкүнчүлүгү 172 эсе, ал эми өлүм коркунучу 89 эсеге жогору болот деген жыйынтык чыгарылган.

​Вакцина алгандан кийин коронавирустун өлүм коркунучу 89 эсеге жогорулайт деген маалымат манипуляция

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Көрүнүп тургандай алгач бул сүрөттү Фейсбукка Валентина Нэлина аттуу колдонуучу киргизген. Сүрөттөн аталган жолугушууга анын да катышканын көрүүгө болот. Өзүн юрист жана архитектор деп көргөзгөн Валентина Нэлинанын медицина тармагында билими жок. Ал баракчасына окуучулардын вакцина алуусуна, ошондой эле маска тагуу режимине каршы позициядагы бир тараптуу постторду киргизип турат.

Изилдөөнүн автору болгон Джош Гецков ким?

Джош Гецков аттуу инсан учурда Иерусалимдеги Еврейлик университетте юридикалык жана социалдык илимдер факультеттеринде эмгектенет. Буга чейинки эмгектери Расизм: Социалдык камсыздоо жана жазык сот адилеттигиндеги саясат, Күнөөнү моюнга алуу сүйлөшүүлөрүнүн сот адилеттигинин бузулушуна тийгизген таасири деген темаларда чыккан. Криминология, антрополгия жана социология тармактарынын адиси болгон бул адамдын медицина илимдерине тиешеси жок экенидиги белгилүү.

Изилдөөдө колдонулган VAERS маалыматтары ишенимдүү далил боло албайт.

Эмдөөдөн кийинки терс таасирлер катталган учурлар тууралуу маалыматтар алынып, изилдөөнүн өзөгү болгон VAERS тутумуна келели.

VAERS — бул пассивдүү отчеттуулук тутуму, башкача айтканда, адамдар вакцина алгандан кийин өз тажрыйбалары жөнүндө бул жакка отчёт беришет жана аны вакцина алгандан кийинки көзөмөл мониторинги десе да болот. Бирок бул жерде көрсөтүлгөн маалыматтар изилдөөдө олуттуу далил катары каралбашы керек. Эмне үчүн?

VAERSтин сайтына эмдөөдөн кийинки белгилүү бир убакытка чейин кандайдыр бир терс таасирлерди байкаган бейтап же анын ата-энесин кошкондо ким болсо да билдирүү калтыра алат. Ошондой эле “Терс таасирлердин эмдөөнүн натыйжасында болгону же болбогонуна карабай билдирүү калтыруу сунушталат”,- делет сайтта.

​Вакцина алгандан кийин коронавирустун өлүм коркунучу 89 эсеге жогорулайт деген маалымат манипуляция

Ошондой эле сайттын жоопкерчиликтен баш тартуу деп аталган бөлүгүндө: “ VAERS вакциналардын коопсуздугунун мониторинги болгонуна карабай, андагы маалыматтарды вакцинанын адамга терс таасир берүүсүн, кандайдыр бир оорулардын пайда болуусун аныкоо үчүн колдонууга болбойт. Отчёттор толук жана так эмес, кокус же текшерилбеген маалыматты камтуусу мүмкүн. Б.а бир жактуу болушу мүмкүн. Ошондуктан аларды илимде колдонууда чектөөлөр жаралат. VAERS отчетторунан алынган маалыматтар ар дайым ушул чектөөлөрдү эске алуу менен чечмелениши керек”,-деп жазылган.

​Вакцина алгандан кийин коронавирустун өлүм коркунучу 89 эсеге жогорулайт деген маалымат манипуляция

Кошумчалай кетчү нерсе,эмдөөдөн кийин терс таасирлер катталган бейтапка тиешелүү медициналык мекеме, өндүрүүчүлөр тарабынан атайын конпенсация ирээтиндеги каражат берилет. Дал ушул максатта адамдардын билдирүү калтыруусу мүмкүн экендигин да эске алуу керек.

VAERS сайтында жазылган маалыматка ылайык билдирүү калтырган жарандардын абалы медкызматкерлер тарабынан текшерилет. Бирок текшергенден кийинки бүтүмдөр сайтка жарыяланбайт, жана коомчулукка көрсөтүлгөн эмес. Ошол себептүү терс таасирлер тууралуу билдирилген учурлардын кайсынысы эмдөөнүн натыйдасы экендигин сайтка карап аныктап, ал аркылуу так деп эсептелген жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес.

Миокардын инфарктына чалдыгуу 172 эсе, өлүм коркунучу 89 эсе жогорулайт — манипуляция

Изилдөөдө көрсөтүлгөн сандарды чын эле эмдөөдөн кийин терс таасир катталган бейтаптар катары караган учурда да бул аябай төмөн көрсөткүч болуп эсептелет. Башкача айтканда миокарддык инфарктын 172 эсе жогору болушу иш жүзүндө 1 миллион вакцина алган адамдардын ичинен үчөөсү инфаркт алганын билдирет.

​Вакцина алгандан кийин коронавирустун өлүм коркунучу 89 эсеге жогорулайт деген маалымат манипуляция3/1000000 бул көрсөткүч өз учурунда аябай төмөн көрсөткүч жана вакцинадан кийинки терс таасир катталган учурдардын олуттуулугун көрсөтө албайт. Изилдөөчүнүн мындан мурунку 100 миң дозага эсептелген терс таасир катталган учурлар тууралуу бүтүмүндө жыйынтык салыштырмалуу аз сандар менен көрсөтүлгөн.

Жана кийинки эсептөө миллиондук дозага эсептелген соң, жыйынтыктагы сандар кыйла олуттуу көрүнүп калган. Мында сандар менен манипулациялоо болгондугун байкоого болот. Бул учурда да отчётто жазылган терс таасирлердин вакцинанын жыйынтыгында келип чыккандыгы такталбагандыгын эске алуу керек.

ДССУдан кимдер катышкан?

Сөз болуп жаткан онлайн жолугушууга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан кимдер катышканын карап көрөлү.

Валентина Нэлинанын баракчага киргизген башка сүрөтүндө аттарынын жанына “WHO EURO” делип жазылган эки адамдын аты бар. Алардын бири Джетри Регми болсо, экинчиси Марко Марклевитц.

​Вакцина алгандан кийин коронавирустун өлүм коркунучу 89 эсеге жогорулайт деген маалымат манипуляция

Джетри Регми чын эле ДССУнун Увропалык бюросунда иштейт. Өзү эпидемиолог, бирок ал уюмда ал эч кандай жетекчилик орунду ээлебейт жана уюмдун техникалык кызматкери болуп иштейт.

Ал эми Марко Марклевитц дагы ДССУнун Увропалык бюросунда иштейт. Ал лабораториялык эксперт болуп эсептелет.

Израилдеги абалга келе турган болсок азыр ДССУ өлкөнүн өкмөтүн вакцинанын үчүнчү дозасын элге берүүнү убактылуу токтотууга чакырып жатканы чын. Бирок бул вакциналардын эффективдүүлүгүнөн шек саноодон эмес, элди Covid-19га каршы вакцинаны элге бирдей жеткизүүнү камсыз кылуу үчүн болгону белгилүү.

Жыйынтык: Изилдөө үчүн алынган маалыматтар такталган эмес, эмдөөдөн кийин миокарддык инфаркт 172 эсе, өлүм коркунучу 89 эсе жогору болот деген маалымат манипуляция.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты