Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу тууралуу маалымат

  • 3 года мурун

Бишкекте ок жеп каза болгон 32 жаштагы Чыңгыз Абдыраев жакында эле үйлөнгөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун достору билдирди.

«Балдары жок болчу, жакында эле үйлөнгөн. Никесин кыйдырганга эле жетишип калды, бирок расмий түрдө никесин каттата элек болчу. Мүнөзү токтоо эле, унаа жууган жай иштетчү», — дешти алар.

Айдоочуга ок чыгарган инспекторго «Бийликтен аша чаап колдонуу» беренеси боюнча иш козголуп, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон. Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты