Т.Султанбеков: “Мен отурган унаага ок атылып, мени коркутканга аракет кылышты окшойт”

  • 3 года мурун

“Социал-Демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков отурган унаага ок атылды. Бул тууралуу Темирлан Султанбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн кечинде саат 01:20 чамасында болгон. Саясатчынын айтымында, ок унаанын ал отурган тарабына атылган:

“Биз бара жаткан жолдун 30-40 метр аралыгында жарык жок болчу. Ошол аралыкта биздин унаага ок атылды. Мен адистер менен сүйлөшкөндө, алар ок 9мм травматикалык пистолеттен атылганын айтышты. Балким, бул кадам менен кээ бирөөлөр мени коркуткусу келди. Бирок, мен коркпойм, өзүмдүн ишимди уланта берем”, — деп билдирген өз кайрылуусунда Султанбеков.

Мындан сырткары, Темирлан Султанбеков бул кадамды бийлик тарап жасашы мүмкүн экендигин четке каккан, бирок мунун артында ким тургандыгын билбестигин кабарлаган өз билдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты