Нарында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата маданий иш-чаралар уюштурулду

  • 3 года мурун

Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында “Кыргыз Шырдагы”, “Оймо” жана “Манас” фестивалдары салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, “Манас” фестивалы манасчы, акын Тоголок Молдо атыккан Байымбет Абрахмановдун 160 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Ири маданий иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков, кол өнөрчүлөрдөн тарта искусство өкүлдөрү, көркөм өнөр ээлери, манасчылар, жергиликтүү тургундар катышты.

Фестивалдарды салтанатуу ачуу театралдаштырылган оюн-зоок, ыр-бий жана “Манас” эпосу менен коштолду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты