Кыргызстанда ПЦР-тесттерди жасалма жасап сатып жатышкан

Кыргызстанда ПЦР-тесттерди жасалма жасап саткан шылуундар көбөйгөн. Журналист Мээрим Сырдыбаева “Али Токтакунов МедиаХабы” менен биргеликте жүргүзгөн журналисттик иликтөө учурунда ПЦР-тесттерди жасалмалап саткан бир нече ири фактылар аныкталган.

Иликтөө учурунда белгилүү болгондой, Чүйдөгү “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинин аймагында жасалма ПЦР-тестти 1700-3000 сомдун тегерегинде сатышат. Журналист ПЦР-тестти жасалмалап жасап саткан “Бека Малыш” аттуу жигитке байланышка чыгып, коронавирус менен ооруп жатканын, тез арада чет мамлеетке кетиши керектигин айтып, “вирус жуктурган эмес” деген маанидеги жыйынтыкты жасап берүүсүн суранган. Тест бир суткада даяр болуп, баасы 3000 сомду түзгөн.

Кыргызстанда ПЦР-тесттерди жасалма жасап сатып жатышкан

Бека Малыш жасап берген жасалма ПЦР-тест Бонецкий лабораториясынын бланкында басылып чыккан. Журналист Бонецкийге кайрылганда анын жетекчилиги лабораториянын бланкын колдонуп, жасалма ПЦР-тест жасоо фактысы көп экенин айткан. Лабораториянын бланкы менен бир күндө 200дөй ПЦР-тестти 5 миң сомдон 100$ долларга чейин каражатка жасап саткан фактылар аныкталганын Бонецкийдин коммерциялык директору Эсен Шеримбаев билдирди.

Андан тышкары журналист Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка өткөрмө бекетинин аймагында жасалма ПЦР-тесттерди жасап саткан адамдарды издеп тапкан. Ал жерде Казакстандын Жамбыл облусуна кирип чыккан жүк ташыган унаалардын айдоочулар үчүн жасалма ПЦР-тесттин баасы 500 сом, Россияга Казакстан аркылуу транзит менен кеткен айдоочуларга 1000 сом экени аныкталган. Иликтөө учурунда жасалма ПЦР-тесттерди Манас, Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунун айдоочулары пайдаланары белгилүү болгон.

Ушул эле чек ара өткөрмө бекетинин жанындагы Aqua Lab лабораториясынынфилиалынын медайымы бир канча убакыттан бери “терс” жыйынтыктагы жасалма ПЦР-тесттерди жасап сатып келгени ачыкталган. Журналист бул фактыны коомчулукка ачык көрсөтүп берүү үчүн Таластагы медайымга Бишкектен байланышка чыгып, аралыктан “терс” жыйынтыктагы ПЦР тестти жасатып алган. Баасы 2 миң сомду түзгөн.

Aqua Lab лабораториясынын жетекчиси Ирина Цопова бул фактыны моюнуна алып, кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын натыйжасында аталган аймактагы медайым дароо иштен кетирилгенин маалымдаган. Ага кошумча ал бул материалдар укук коргоо органдарына берилерин билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты