Контрабанда боюнча соттолгон Дамирбек Асылбек уулу Садыр Жапаровдон сыйлык алды (Фактчекинг)

23-август күнү, Айбек Турдалиев аттуу Twitter колдонуучусу “Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана бангизат менен алектенген Дамирбек Асылбек уулу сыйлык алды” , — деген билдирүүнү бөлүшкөн.

23-августта Президент Садыр Жапаров Токиодо өткөн XXXII Олимпиада оюндарында медал алган спортчуларга жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган. Аталган иш-чара мамлекеттик “Ала-Арча” резиденцияда болуп өттү. Сыйлоо аземинде, спортчуларды Токиодогу олимпиадага жөнөтүүдө зор салым кошкону үчүн Дамирбек Асылбек уулу да ардак грамота менен сыйланган.

Депутаттын чуулуу таржымалы

Дамирбек Асылбек уулу эки чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Алгач жолу 2009-жылы андагы бийликчил “Ак жол” партиясынын тизмесинен депутат болсо, экинчи ирет 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка келген.

2018-жылдын 16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети контрабанда менен алектенген уюштуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү деген шек менен 35 адамды колго түшүрүшкөн. Кармалгандардын үчөөсү Кыргызстандын жараны болушкан. Алардын арасында Дамирбек Асылбек уулу да болгон.

Казакстан Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалгандар «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү» экенин билдирип, алар Казакстанга Кытайдан товарларды аткезчилик менен ташып жүргөнүн кошумчалаган. Казакстандын Кирешелер боюнча мамлекеттик комитети болсо кылмыштуу топтун айынан мамлекеттик бюджетке 99 млн. теңге түшпөй калганын маалымдаган.

Бул иш боюнча, Дамирбек Асылбек уулу 2019-жылдын 24-апрелинде Алматы соту тарабынан “улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү” жана “экономикалык контрабанда” беренелери күнөөлүү деп табылып 10 жылга эркинен ажыратылган.

Мындан сырткары, Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар экени да тергөө учурунда ортого чыккан. Ал, Казакстандын жараны экенин Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тастыктаган. Ошондой эле, дипломат Эдил Байсалов иликтөө жүргүзүп, Дамир Асылбек уулу 1997-жылы кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн аты-жөнүн жана жаш курагын эки жашка төмөндөтүп, Динарбек Суптаев деген ат менен жаңы паспорт алышы мүмкүн экенин билдирген.

Бул өз убагында чуулуу маселелерге жол ачкан. Анткени, Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча кош жарандуулугу бар адамдардын депутат болуп шайланууга укугу жок.

Андан кийин, Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга экстрадациялынып, сот Казакстан чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган. Бирок, 9 айдан кийин 2020-жылдын 21-августунда соттун чечими жокко чыгарылып, ал эркиндикке чыккан. Ал эми аны менен чогуу соттолгон дагы эки Кыргызстандын жараны чыгарылган эмес.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстандын күрөш федерациясынын биринчи вице президенти болуп иштейт.

Жыйынтык: Садыр Жапаровдон сыйлык алган Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда контрабанда боюнча 10 жылга соттолгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты