​#ПАЙДАЛУУ: Баланы окуу жылына даярдоо үчүн канча каражат кетет?

Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, бул жылы окуу жылы 15-сентябрда башталмай болду. Бул күнү балаңызды баштан аяк кийинтүүгө болжолдуу канча акча сарптарыңызды Полит Клиника медиасы эсептеп көрдү. Баалар базар баасынын ошондой эле тиешелүү товардардын орто баасынын негизинде чыгарылды. Андан сырткары төмөндөн кийим-кечекти кантип тандоо керек жана эң керектүү окуу куралдары канча акча талап кылаары тууралуу да окуй аласыз.


Мектеп формасы

Мектеп формасы өзүнө костюм, юбка, күрмө жана галстукту камтыйт. Эркек бала жана кыздарга мектеп формасын тандоодо анын кездемесине көңүл буруңуз. Кездеменин курамы пахтадан жана жеткиликтүү деңгээлдеги 55% дан көп эмес синтетикадан туруп, кескин жыт келбеши керек. Ошондой эле кийимдин ички бетиндеги кагазчага да көңүл буруңуз. Эгер ал жерде кийимди химиялык тазалоого берүү мүмкүн экендиги жазылса, анда кийимдин сапаты жакшы эмес жана андан баш тартканыңыз оң. Тигилиштери бекем болушу керек, чубалган жиптер анын сапатынын начарлыгынан кабар берет. Форманын күрмөсү, шымы же юбкасы кыспаган өлчөмүн тандаңыз. Балага бир өлчөм эле кичине кийимдер дем алуусунун бузулушуна же денесинин эркин кыймылдоосу менен абанын өтүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн.

Баасы: кыздардыкы — 2700 сом;

балдардыкы — 2700 сом

Ак көйнөк

Ак көйнөктү окуучулар дайыма кийип жүргөндүктөн сапаты да жакшы болушу керек. Курамынын басымдуу бөлүгү пахтадан туруп, синтетиканын көлөмү 35%дан ашпоого тийиш. Кездемеси калың, балаңыздын ичиндеги майкасы көрүнбөгөнүнөн тандаңыз. Топчулары жакшы тигилип, жиптеринин учу көрүнбөй, көйнөккө бекем тигилген болгону жакшы.

Баасы: кыздардыкы — 450-650 сом;

балдардыкы — 550-850 сом.

Майка

Адатта бул кийимди жаш балдар ак көйнөктүн ичинен кийишет. Андыктан ал ак түстө жана денеге жабышкандай, бирок кыспай кийилүүсү маанилүү. Материалы денеге жагымдуу жана жакшы аба өткөрө турган болушу керек.

Баасы: 250-300 сом

Бут кийим

Балага бут кийимди күндүн экинчи жарымында сатып алуу сунушталат. Себеби бул учурда таманы бир аз кеңейип, узарып калат. Кечке жуук буттар бир аз шишиши мүмкүн. Ал эми эртең менен тандасаңыз тар бут кийим тандап алуу тобокелчилиги жогору. Материалы териден, замши же болбосо кездемеден болсо болот. Эгер натуралдык курамга каражатыңыз жол бербесе, жок дегенде ички тарабы аталган материалдардан жасалышы керек. Бут кийим жеңил, таманы калың бирок жакшы ийилген болгону дурус. Кыздардын да балдардын да ботинкелеринин таманынын такасы жерден 1-2 см жогору болушу керек. Бул жаш балдардын таманын анатомиялык туура формада кармалышына жардам берет. Байпак менен кийгенге ылайыктап алыңыз, 1смге чоң бут кийим алууга жол берилет. Бут кийим кескин жытсыз болууга тийиш.

Баасы: кыздардыкы — 700-1300 сом;

балдардыкы — 650-1400 сом.

Сумка

Сумка дагы кылдаттык менен тандалуусу керек болгон буюмдардын бири. Ыңгайлуу сумка жетинчи моюн омурткасынан биринчи бел омурткасына чейинки узундукта, белинин кеңдигиндей кеңдикте болушу керек. Башталгыч класстар үчүн салмагы бош кезинде 700 грдан ашпоого тийиш. Эки асынмалуусун алыңыз, асынгычтардын туурасы 4-5 смден болгону оң. Экөө тең бирдей узундукта болушуна маани бериңиз. Сыдырмалары оңой иштеп, ичиндеги чөнтөкчөлөрү көп болсо жакшы. Бул баланын өз буюмдарын ирээттүү жайгаштыруусуна жардам берет. Сумканын арткы бөлүгүндө ортопедиялык жаздыкчалары, жарыкты чагылдыруучу кездемеси болгону ашыкча болбойт. Бул баланын дене боюн түз кармап, карангыда унаалардын көрбөй калуусунан сактайт.

Баасы: кыздардыкы — 600-1100 сом;

балдардыкы — 550-1000 сом.

Бантик

Кыздарга бантик тандоодо анын табитине ылайыктап ала бересиз. Маанилүүсү тордун резинкага жакшы бекитилиши гана.

Баасы: 70-100 сом

Колготки

Бул кийим да кызыңызга ылайыкталып алынышы керек. Материалы пахта жана бамбуктан болуп, эластан кошулган болсун. таман жайгашкан аймагынын ички бети тыкан тигилгенин алыңыз.

Баасы: 250-300 сом

Спорттук кийим

Спорттук кийимдерди тандоодо аны кийинки жылга ылайыктап бир өлчөмгө чоңун алууну ойлоп жатсаңыз, андан баш тартыңыз жана өз өлчөмүндөгүсүн сатып алыңыз. Анткени бул кийимде балаңыз чуркап, секирип, көп кыймылдайт. Бул учурда өзүнө чоң келген кийим ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Жана бат кирдеп, бат жуулгандыктан эмики жылы мектепке кийүүгө жарабай калышы ыктымал. Ошондой эле шымдын бели, манжеттери кыспоосу керек. Материалдын курамы вискоза, бамбук, пахтадан бирок синтетика же эластандын кошулмасы менен жасалган, гипоаллергендүү болушу керек. Бул кийимдин чоюлгандан кийин бат калыбына келишине жардам берет.

Баасы: кыздардыкы/балдардыкы 1100-1500 сом

Футболка

Мында табигый материалдар менен полиэстердин катышы 60% га 40%дын тегереги болсо жакшы. Таза полиэтер, эластан жана вискозага дагы жакшы пикирлер айтылып келет. Башкысы денени ысытпай, нымдуулукту сыртка чыгарып, денеде аллергияны козгобоочу болушу керек. Курсак бөлүгүнөн бир аз ылдый, дене менен кийимдин ортосунда аралык болушуна маани бериңиз.

Баасы: кыздардыкы: 350-400 сом;

балдардык;ы 350-400 сом.

Спорттук бут кийим

Мында дагы бут кийимди баланын бутунун өлчөмүнөн чоң алууга болбойт. Эркин кыйылдоосу үчүн 5мм боштугу бар алууга уруксат берилет. Андан чоңу кыймылды жайлатышы мүмкүн. Бут кийим өзү жеңил болгонун тандоо туура. Таманы оңой ийилип, асты бүдүрчөлөрү менен болсо, чөптүү жерден же спорт залдан сыйгаланып кетүүдөн сактайт. Эгер балаңыз ар кандай спорт секцияларына барса, анда бут кийимди спорттун түрүнө карап тандаганыңыз оң. Материалы табигый материалдардан, эгер синтетикалык материал болсо, бутттун дем алуусу үчүн атайын тешикчелери болушу керек.

Баасы: кыздардыкы, балдардыкы да 800-1200 сом

Дептер (жөнөкөй чатыраш жана жазуу дептерлери)

Баасы: 50 даана 250 сом

Сабак дептерлери

Баасы: 10 даанасы 280-350 сом

Калем

Баасы: 10 даана 100-150 сом

Альбом

Баасы: 25-50 сом

Түстүү боёк

Баасы: бир тангагы 25-250 сом

Сызгыч

Баасы: бир топтом 85-100 сом

Учтагыч

Баасы: 10-30сом

Өчүргүч

Баасы: 10-15 сом

Желим

Баасы: 25-30 сом

Кайчы

Баасы: 35-50 сом

Түстүү кагаз

Баасы: 50-70 сом

Пенал

Баасы: 100-300 сом

Жогорудагы бааларды эске алуу менен балаңызды алгачкы окуу күнүнө жиберүү үчүн канча акча сарптаарыңызды эсептеп көрөлү.

Эгер эркек баланы мектепке даярдаган болсоңуз жалпысынан 9555 сом;

Кыз баланы даярдаган болсоңуз жалпысынан 9740 сом коротосуз.

Бул сумманы чыгаруу үчүн элдин көпчүлүгү соода-сатык кылган Ош базарындагы жана анын тегерегиндеги дүкөнчөлөрдөгү товарлардын баалары сурамжыланды. Андан соң орто баалары алынып, жалпы баа эсептелди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты