Кыргыз-тажик чек арасында Президенттин өкүлү бараткан машинага таш ыргытылган окуя териштирилүүдө

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстандын Президентинин Баткендеги чек ара аймактарын калыбына келтирүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов бараткан автомашинага тажик тараптан таш ыргытылган окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.


Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 30-июлда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 29-июлда, Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон, машинанын алдыңкы жана арткы айнектери сынган.

Рахимов жергиликтүү бийлик башчылары менен бирге Ак-Сайда өрттөлгөн үйлөрдүн ордунда жүрүп жаткан жаңы курулуш иштерин көрүп чыккандан кийин Таш-Тумшукка барган. Ал жакта да калыбына келтирүү иштери менен таанышып жаткан учурда жанаша жайгашкан Тажикстандын Кожайло айылынын 15-20га жакын тургуну келген.

Ортодо пикир келишпестик жаралып, тажикстандык бир жаран таш менен урган.

Ыкчам териштирүү үчүн кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушту. Анда тажик жарандарынын жат аракеттери боюнча маселе көтөрүлгөнү, Тажикстандын Исфара райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы кыргыз тарапка келтирилген материалдык чыгым төлөнөрүн жана таш ыргыткан адамга карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн убада кылганы маалымдалды.

Бүгүн Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин, милиция башчыларынын жолугушуусу жүрүп жатат. Анда чек арада чыр-чатактарды болтурбоо, чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу жана катталган окуяларды биргелешип иликтөө маселелери талкууланып жатканы кабарланды.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Өзбекстан менен 95 процентке жакыны такталган.Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты