Каракол суусуна жакын жашаган тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү

  • 3 года мурун

Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, 27 турак үй ээлери коопсуз жайга көчүрлгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каракол суусунун жээгиндеги бак, дарактарды тамыры менен агызып кеткен жана 1 көпүрө авариялык абалда.

Каракол шаарынан өзгөчө кырдаалдын кызматкерлери жана техникасы тартылды.

Каракол суусунун деңгээли ылдыйлады.

Cүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты